Жаңылыктар
Жээнбеков БУУнун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы менен жолугушту
Саясат
Жээнбеков БУУнун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енча менен жолугушту. Мамлекет башчы Енчага Нью-Йоркто ушул жылдын 24-сентябрында өткөн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына катышып, колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. 

Президент коомчулукту бириктирүү жана этникалар аралык мамилелерди бекемдөө, аймактарды өнүктүрүү, коррупция менен күрөшүү, 2018-2040-жылдарга карата Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан жумуштар тууралуу айтып берди. Ал 2019-жылдын жаз айларында Кыргызстанда Донорлор конференциясы өтөрүн жана анда БУУнун жогорку өкүлү катышарына ишенимин билдирди. Өз кезегинде, Мирослав Енча Чыңгыз Айтматов улуу жазуучу гана эмес, мыкты дипломат болгонун, элдерди өзүнүн чыгармачылыгы жана дипломатиялык өнөрү менен бириктиргенин айтты.