Жаңылыктар
Чычкан капчыгайында газ ташыган унаа кырсыкка учурады
Кырсык
Чычкан капчыгайында газ ташыган унаа кырсыкка учурады

Бишкек — Ош унаа жолунун 260-чакырымында, тагыраагы Чычкан капчыгайында газ ташыган унаа жүрүп бара жаткан жеринен оодарылып кетип, өрт чыккан. ӨКМден билдирүүсүнө караганда, унаанын 51 жаштагы айдоочусу секирип кеткенге үлгүрүп, аман калган. 

Ал майда жаракат алып, учурда абалы туруктуу. Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жүрүп бара жаткан унаанын дөңгөлөгү жарылып, оң тарапка ооп баратканда айдоочунун секирип кеткенин айтты. Окуя болгон жерге түшкү саат бирде өрт өчүрүүчү унаа тартылып, эки сааттан кийин өрт толугу менен өчүрүлгөн