Жаңылыктар
Мамлекеттик ипотекалык насыя 7%дык чен менен бериле баштады
Экономика
Мамлекеттик ипотекалык насыя 7%дык чен менен бериле баштады

Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай үчүн насыянын жылдык ченин алгач 14% менен бере баштаган. Ар жыл сайын ылдыйлатып, эми 7%га төмөндөдү. 

Муну менен насыя алган жарандардын каражатты кайтарып берүүсү да жеңилдейт. Соңку өзгөрүү 1-ноябрдан тартып насыя алгандарга тиешелүү.

Мамлекеттик ипотекалык компания уюшулгандан бери жалпысынан 3 миллиард 918 миллион сомго насыя 3550 жаранга берилди. Алардын 31%га жакыны мугалимдер болсо, 14%дан ашууну дарыгерлер, социалдык өнүктүрүү адистери 2%га жакын, маданият тармагынын кызматкерлери 2%дан ашуун. Ипотекалык насыя алгандардын эң көбү бюджеттик мекемелердин өкүлдөрү - 34%. 

Ар кандай кырсыктардан жабыркагандар 16%дан ашуун.

Ипотекалык насыялоону мамлекеттик кызматкерлердин алган маянасына чактап жеңилдетүү өлкө башчысынын тапшырмасы. Бул айрыкча айлык маянасы көп эмес мугалимдер менен саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн маанилүү.