Жаңылыктар
Жаңы жылдык майрам күндөрү коопсуздук чаралары күчөтүлөт
Маданият
Жаңы жылдык майрам күндөрү коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Премьер-министр Темир Сариев жаңы жылдык майрам күндөрү коопсуздук чараларын күчөтүү тапшырмасын берди. Өкмөт башчы алдыдагы майрам күндөрү маданий-массалык иш-чаралардын уюшкандык менен өткөрүлүшүн, ошондой эле коомдук жана өрткө каршы коопсуздукту сактоо чараларын камсыздоо боюнча тишелүү тараптарга тапшырма берди. Ал эми Бишкектиктер жаңы жылды 31-декбабрь түнү борбордук аянтта ыр-бий менен тозот.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өлкөдөгү абалды көзөмөлдөө менен өрткө каршы коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча чараларды күчтөндүрүү тапшырмасын берди –дейт,  Мамлекеттик өрткө каршы агенттигинин директору Нуржан Осмоналиев. Ошондой эле Унаа жана байланыш министрлиги менен биргеликте республиканын бардык ашууларында унаа жолдорунун иштөөсүн камсыздоосу тапшырылды.

Билим берүү министрлиги жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигине да кышкы каникул учурунда балдардын маданий эс алуу программасын иштеп чыгуу жана тийиштүү иш-чараларды уюштуруу милдети жүктөлгөн. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетованын айтымында, шаар бийлиги да балдар үчүн кышкы каникулду көңүлдүү өткөрүүгө толук даярдыктар көрүлгөн.

Ал эми Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун  31-декабрда жаңы жылды борбордук аянтта тосууга чакырат. Иш-чаралар таң эрте саат 10:00дө "Ала-Тоо" аянтынан башталып, ал жерден жомок каармандары авто унаалар менен калаанын борбордук көчөлөрүн кыдырып, тургундарды куттуктап, элди оюн-тамашаларга кошулууга чакырат. Андан сырткары борбордук аянтта майрамдын катышуучулары үчүн интерактивдүү оюндар, байге жана белектер коюлган мелдештер өткөрүлөт. Ал эми кечинде эстрада жылдыздары концерт берип, иш-чара майрамдык салют менен аяктайт – деп кошумчалады Гуля Алмамбетова.

Ошондой эле майрамга карата өлкө аймагында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү. Борбор калаада 3 миңге чукул милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Андан сырткары райондук бөлүмдөрдө да тиешелүү кызматкерлердин баары иш алып барышат. Андан сырткары тез жардам кызматы жарандардын ден соолугуна кам көрөт.