Жаңылыктар
С.Жээнбековдун мамлекет башчысы катары 1 жылдык ишине серепчилер баам салууда
Саясат
С.Жээнбековдун мамлекет башчысы катары 1 жылдык ишине серепчилер баам салууда

Сооронбай Жээнбековдун 60 жаш кутман курагы анын президенттик кызматындагы учуруна туш келди. Дагы 8 күндөн кийин өлкө башчысынын ант берип расмий кызматына киришкенине туура 1 жыл толот.

Алыскы Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында туулуп өсүп, катардагы мугалимден тартып президенттикке жеткен адамдын басып өткөн жолу жаштарга, кийинки муунга өрнөк болсо керек. Дээрлик 40 жылдан ашык эмгек жолунда Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөн.

Президенттин жаш кезин анын ачык айрым, адамдар менен тил табышып, мамиле кура билген, спортко ышкыбоз жана жаш кезинен лидерлик сапаты болгонун жакындары, Жээнбековду окуучу, студент кезинен билгендер айтып келишет. Серепчилер эл башында турган адамдын аброюу, кадыр баркы да шек туудурбашы керек деп эсептешет.

Мамлекетте азыр жасалып жаткан ийгиликтүү иштердин көбү Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган кезинде башталган. Ант берүү аземинде өлкө башчысы өз ишмердигиндеги негизги багыттарды атап, аларды соңуна чыгарууга сөз берген.