Жаңылыктар
Токтогул районунун тургуну жүндү тытуунун жаңы технологиясы менен иштеп баштады
Аймак
Токтогул районунун тургуну  жүндү тытуунун жаңы технологиясы менен иштеп баштады

Беш жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, койдун жүнүн колго тытып үйгө керектелүүчү түрдүү оймо-чиймеси түшүрүлгөн буюмдарды жасап келген Токтогул районунун тургуну Уулкан Мамбетахунова эми жүндү тытуунун жаңы технологиясы менен иштеп баштады. 

Саатына 7 кило жүн тыта турган аппаратты 400 миң сомго сатып алган. Эми иш ыргагы кыйла жеңилдеп калганын айтат. Кол өнөрчү азыр айылдагы 10 дон ашуун адамга жүн иштетүүнүн сырын үйрөтүп, ар түрдүү буюмдарды жасап башташты.

“Биз жамаат болуп иштейбиз. Азыр колумда 15 аял бар. Дагы 15 аял кошулуп, жүндү иштетүүнүн сырын үйрөнөлү деп турат. Биздин негизги максатыбыз, элди жүндөн жасалган таза буюм менен камсыз кылуу. Мурда ата-бабабыз кийизден жасалган буюмду пайдаланып, ичиги жүндөн болгон тонду кийип жүрүшкөн. Ошон үчүн алар ооруган эмес. Азыр кийимдин бардыгы синтетика болуп калды. Азыр биз айдоочулар менен такай бөлмөдөн чыкпай отуруп иштеген кишилерга жасайлы деп атабыз”, - Токтогул районунун тургуну Уулкан Мамбетахунова.