Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түп райондук бөлүмүнө жаңы имарат салынып бүттү
Аймак
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түп райондук бөлүмүнө жаңы имарат салынып бүттү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түп райондук бөлүмүнө жаңы имарат салынып бүттү. Бул имаратта эми аталган мекеменин кызматкерлери жана райондук өрткө каршы кызмат жайгашат. Азыркы тапта анын ички жасалгасы жана жылуулук берүү жабдыктары коюлуп жатат. 

Аны курууга мамлекет тарабынан он алты миллион сом бөлүнүп берилген. Долбоорго ылайык имарат ичинде кызматкерлердин иштөө бөлмөлөрү, машыгуу залы, эс алуу жайы менен салынууда. Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түп райондук бөлүмүнө жаңы жабдыктардын келиши күтүлүүдө.

"Облус аймагында түп району аянты боюнча чоң райондордун катарына кирет. Ошого жараша кооптуу аймактарыбыз да абдан көп. Кызматкерлердин иштөө шартынын жакшырышы менен элге сапаттуу кызмат көрсөтө башташат. Азыр мына кыш айлары келди, элибизде капысынан өрт чыккан учурлар да көбөйүп жатат. Мына бул жерден ошол кырсык катталып калса эрте жетүүгө жакшы шарт тузүлүп жатат", - Түп районунун акими Элчибек Жантаев.