Жаңылыктар
Борбордо тигүү өндүрүшүнүн жумалыгы өттү
Экономика
Борбордо тигүү өндүрүшүнүн жумалыгы өттү

Узап бараткан аптанын маанилүү жана ири иш-чараларынын бири Кыргызстандын тигүү өндүрүшүнүн жумалыгы болду. Ал бир жумага созулуп, өз ишин 16-ноябрда жыйынтыктады. 

Иш-чаранын алкагында тегерек үстөлдөр, бул тармактын адистери катышкан талкуулар орун алып, тигүү тармагынын келечеги, жаңы бренддерди ойлоп табуу боюнча сунуштамалар иштелип чыгып, жеңил өнөр жайы өндүрүп жатка продукциялардын көргөзмө, жарманкелери уюштурулду.

Кыргызстандын тигүү тармагын жаңы деңгээлге чыгарып, көлөмдү көбөйтүү, жаңы дизайн, сапат, жумушчу орундарды мындан да бир нече эсеге көбөйтүү маселелери турат. 

Жеңил өнөр жай ассоциациясы бул демилгелерди ишке ашыруу максатында кыргыз өкмөтүнүн колдоосу менен жаңы технополисттерди ишкер киргизүү аракетинде. Бул тигүү тармагындагы бир катар чакан жана ири ишканаларды бир жерге топтоп, натыйжалуу иш алып баруу максатын көздөйт.