Жаңылыктар
Мамлекет келечекте башкаруучулардын улуттук мектебин калыптандыруу максатын коюп жатат
Саясат
Мамлекет келечекте башкаруучулардын улуттук мектебин калыптандыруу максатын коюп жатат

Ушул аптада Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин жаңы дайындалган мүчөлөрү ант беришти. 

Үчөө тең жаш, өздөрү жетектеген тармактын кесипкөй адистери. 40 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков тышкы иштер министрлигин жетектесе, Азамат Жаманкулов маданият, маалымат жана туризм министрлигине дайындалып, ал эми Улукбек Кочкоров социалдык өнүктүрүү министри болду.

Белгилүү болгондой, акыркы убакта өлкөдө мамлекеттик кызматтарга жаш кадрларды тартып, кесипкөй адистерди тандоого басым жасалып жатат. 

Ошол эле учурда улуу муундун тажрыйба, кеп кеңешин алып туруу да маанилүү.