Жаңылыктар
Бусурманкул Абдибаит уулу "M-1 challenge 99" мелдешинде жеңишке жетти
Спорт
Бусурманкул Абдибаит уулу "M-1 challenge 99" мелдешинде жеңишке жетти

Кыргызстандык спортчу Бусурманкул Абдибаит уулу таймаштын аралаш түрлөрү боюнча Орусиянын Назрань шаарында өткөн "M-1 challenge 99" мелдешинде жеңишке жетти. Турнирдин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, таймаш 17-ноябрда өттү. 

Ага жети өлкөнүн спортчулары катышып, жалпысынан 12 беттеш болгон. Бусурманкул Абдибаит уулу 65.8 килограммга чейинки салмакта рингге чыгып, орусиялык Залимбек Омаров менен күч сынашты. Үч раундга созулган таймаштын жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандык спортчуга ыйгарды.