Жаңылыктар
Өкмөт тигүү тармагында иштегендерге ипотека аркылуу үй берүүнү пландоодо
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт тигүү тармагында иштегендерге ипотека аркылуу үй берүүнү пландоодо

Кыргызстандын тигүү тармагында иштеген кыз-келиндерге өкмөт ипотека аркылуу үй берүүнү пландоодо. Бул тууралуу тигүүчүлүк өндүрүш боюнча өткөн форумда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев айтты. 

Демилгени ишке ашыруу үчүн атайын долбоор иштелет. Ал эми аны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ипотекалык компанияга, өкмөт 500 млн сом берүүнү көздөөдө. Жеңилдетилген ипотека тигүү тармагында иштеген кыз-келиндердин Кыргызстанда калып эмгектенүүсүн камсыздайт.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"