Жаңылыктар
“Айтматов жана театр” аттуу эл аралык театралдык фестиваль жыйынтыкталды
Маданият
“Айтматов жана театр” аттуу эл аралык театралдык фестиваль жыйынтыкталды

“Айтматов жана театр” аттуу эл аралык театралдык фестиваль жыйынтыкталды. Бул Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фестиваль залкар жазуучунун чыгармачылыгына арналган. 12-ноябрдан бери 7 өлкөндөн келген 17 спектаклди курамы эл аралык театр ишмерлеринен турган калыстар тобу баалап, күн сайын  талкуу уюштуруп турду.                                                                                                                                                  

17-ноябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында эл аралык фестивалдын расмий жыбылышы болуп, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырылды. Баш байгеге “Талаа” спектакли үчүн Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы орус дарама тетары, 1-орунга Астанадагы жаштар театрынын “Чынгызхандын ак булуту”, 2-орунга Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Саманынчынын жолу”, ал эми  3-орунга "Лувр өрдөк” спектакли менен  Бердах атындагы Каракалпак мамлекеттик академиялык драма театры татыктуу болду.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи Радио"