Жаңылыктар
Жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?
Ден соолук
Жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

Акыркы учурда өлкөдө жугуштуу оорулар күч алды. Кыргызстандын аймактарынан бери келип, республикалык клиникалык-инфекциялык ооруканага баш баккан бейтаптар көп. 400 оорулууга ылайыкташтырылган ооруканада бүгүнкү күндө 500го жакын бейтаптар дарыланып жатса, басымдуу бөлүгү кичинекей балдар. Бир күндө эле бул оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө 300 дөн ашуун адамдар кайрылат. Алардын ичинен 30 гана пайызына стационардык жардам берилсе, калгандары үйдө дарыланууга жөнөтүлөт дешет андагы дарыгерлер. Ал арада кайрылган бейтаптар арасында нааразычылыктар жаралып, врачтардын жетишпестигинен улам бир күн кечке күткөн көпчүлүк эл кире албай артка кайтып жатат деген даттануулар социалдык тармактарга тарады.  

Бүгүнкү күндө аталган ооруканада абал кандай? Жугуштуу оорулар кайсы жолдор менен жугат жана аны алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"