Жаңылыктар
Баткендин прокурорунун өлүмүнө шектүү адам табылып, учурда тергөө иштери башталды
Кылмыш
Баткендин прокурорунун өлүмүнө шектүү адам табылып, учурда тергөө иштери башталды

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Өлкөнүн күч түзүмдөрү билдирген малыматтарга караганда, окуя облустун аймагында 17-ноябрдын түнүндө катталып, прокурордун сөөгү 18-ноябрдын таңында Төрт-Күл суу сактагычынын жанынан табылган. 

Кылмышка шектүү жаран табылып, учурда тергөө иштери башталды. Алдын ала чыгарылган иликтөөлөрдө маркумдун унаасынан мергенчиликке тиешелүү курал жарак, ок дарылар табылган. Башка прокурор Өткүрбек Жамшитов жана мекеменин жооптуу жетекчилер Баткен окуянын чоо-жайын жеринен териштирүү үчүн кетишти жана маркумдун жакындарына материалдык колдоо көрсөтүлүүдө. Экологдор азыркы күндө өлкө аймагында жапайы тоо эчкилерине аңчылык сезону жүрүп жатканын кабарлап, мергенчиликке ышкыбоздор лицезия алуулары керектигин эскертишти.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"