Жаңылыктар
Прокурор киши колдуу болду...
Кылмыш
Прокурор киши колдуу болду...

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалып, көрсөтмө берүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Ага кошумча облустук прокуратуранын да кызматкерлери суракка алынган. Ал арада Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткен облусуна барып, прокуратуранын жамааты менен жабык жыйын өткөрдү. Эскерте кетсек, он жетисинен 18-ноябрга караган түнү Баткен шаарынын четинде, талаада денесинен жаракат алып, күч колдонуу менен өлтүрүлгөн прокурордун сөөгү табылган.

17-ноябрь күнү саат кечки 22лер чамасында Баткен шаарынын Курсанали Турмаматов көчөсүндө Лексус 470 үлгүсүндөгү авто унаа эшиктери ачык абалда табылган. Ага кароо жүргүзүлгөндө унаанын капталдарында кандын тактары болгон. Анын негизинде милиция кызматкерлери түнү бою изилдөө жүргүзүп, натыйжада Кызыл-Жол кварталынын Таңги-Өтөк участкасында Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү табылган. Ал оор жаракаттан улам каза болгону аныкталган. 

Акыркы маалымат боюнча бул эс алууга каза тапкан прокурор Анарбай Мамажакыпов менен шектүү катары аты талып жаткан капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынан тышкары, облустук прокуратуранын дагы 5-6 кызматкери барган. Алар эки унаа менен жүрүшкөн. Курулуш башкармалыгынын башчысы менен прокурор эс алуудан бир унаада чогуу арта кайтышкан. Мындан улам аны милиция кылмышка шектүү катары кармап, суракка алды. Унаа ичинен тинте келгенде 23 даана ок дагы табылган. 

Учурда бул окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесине ылайык адам өлтүрүү фактысы менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иши жүрүүдө. Ал эми каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө кесиптештери жардам иретинде 800 миң сом берерин башкы прокуратура билдирди.