Мына ушундай борбор калаадагы ишканаларды эле эмес, аймактардагы өндүрүштү жолго салуу үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан дубандардагы долбоорлорду каржылоо көбөйтүлдү. Бул аймактарды өнүктүрүү жылына байланыштуу мамлекет башчысынын тапшырмасы менен ишке ашты. Айыл банкка бөлүнгөн каражат да көбөйтүлүп, Кепилдик фонду жер-жерлерде иш алып барды.
Аймактарды өнүктүрүү жылында элет үчүн кандай иштер аткарылууда? Президенттин аппараты айылдардагы социалдык жайлардын мурдагыдан көбүрөөк курулуп жатканын билдирүүдө. Башталган иштердин айрымдары бүткөрүлдү.
Бирок аймактарды өнүктүрүү социалдык жайларды оңдоп, куруп, жол салуу менен эле чектелбейт. Калктын жашоо шарты да эске алынышы керек. Мамлекет башчысы ишкер чөйрөгө жана дыйкандарга бериле турган каражаттардын көлөмүн жогорулатууну тапшырган. Ага ылайык Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду элеттеги долбоорлорго көңүл бурду. Аймактарда өкүлчүлүктөрү ачылып, ишкерлерге кеңеш берилип, документтерди даярдоого көмөк көрсөтүлдү.
Ири өлчөмдө насыя алууда мүлк күрөөгө коюлат. Бирок ага шарты жоктордун да абалы эске алынган. Кепилдик фонду менен кызматташкан ишкерлер көбөйдү. Алар мүлктүн ордуна аталган фонддун каражатын күрөөгө коюшат. Ал акчаны ишкер үстөк пайызы жеңилдетилген шартта алат. Быйыл берилген кепилдиктердин саны эки эсеге жогорулап, 500гө жакындады. Таластагы төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкана дал ушул Кепилдик фонддун жардамына таянуу менен түптөлдү. Заводдо даярдалган продукция 47 өлкөгө экспорттолот. Мындан сырткары фонддун кепилдиги менен Ош облусундагы сүт фабрикасы, Кочкордогу сыр чыгаруучу фабрика каржыланууда. Ири долбоорлор булар менен эле чектелбейт.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен бирге мамлекет ээлик кылган банктарга да аймактардагы долбоорлорду каржылоо тапшырмасы берилген. “Айыл банк” тарабынан берилген насыялардын көлөмү жогорулоодо. Банк чет өлкөлөрдөн техника, шаймандарды алып келип, дыйкандарга лизингге берүүгө, ошондой эле асыл тукум мал көбөйтүүгө артыкчылык берип жатат.
Каржылоонун көбөйүшү менен айыл чарба продукцияларын өндүрүү жогорулады. Адистер муну аймактарды өнүктүрүү саясатынын натыйжасы деп эсептейт. Аймактарды өнүктүрүү жылынын аякташы элетке көңүл буруу токтойт дегенди билдирбейт. Эми жергиликтүү бюджеттерди бекемдеп, жер-жерлердеги бийликке көйгөйлөрдү өзү чече турган шарттарды түзүү каралууда.
Быйыл тогуз айдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын Ички дүң продукциясы 1,2 пайызга жогорулаганы кабарланган. Айыл чарбасындагы өсүш 2 жарым пайызга жакындады. Келээрки жылы экономикалык көрсөткүчтөрдү аймактардагы ири долбоорлорду каржылоо менен да жакшыртуу максатталып жатат. 2019-жылга карата жер-жерлердеги өндүрүштүк долбоорлорго келээрки жылы 2 миллиард сом бөлүү каралууда. Бул бюджеттен бериле турган акча. Ал эми Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду, башка каржылык мекемелер да өзүнчө иш алып барат.