Жаңылыктар
Айылдан чыккан азаматтар
Аймак
Айылдан чыккан азаматтар

Муну менен катар өкмөттөн жана каржылык уюмдардан жардам сурбай, өз аймагынын маселесин чечүүгө көмөктөшкөн жарандар дагы жок эмес. Токтогул райоунун Жаңы-жол айылынын тургуну Чыңгыз Көчкөнбеков, агасы экөө айылга бала бакча салып, учурда имараттын курулушу аяктоо алдына турат. 

Жаңы-Жолдук Чыңгыз Көчкөнбеков агасы менен бирге айылга 50 орундуу бала бакча куруп жатат. Азыр имараттын чатыры жабылып бүтөйүн деп калды. Чыңгыздын бул аракетчилдиги айыл элинин кубанычына себеп болду. Анткени буга чейин бакча жоктугунан элеттиктер балдарын коңшу айылдарга же Токтогул шаарына ташып, өзгөчө кыштын суук күндөрүндө кыйналышат. Мындан улам аймактарды өнүктүрүү жылында айылга бала бакча курууну иши колго алынган. Бардыгы болуп бул объект үчүн 700 миң сом акча жумшашкан.

Бала бакчанын бүтүшүн айыл эли чыдамсыздык менен кутуп отурушат. Жаңы-Жол айылында 300 дөн ашуун кожолук болгону менен, айылда бир дагы бала бакча жок. Мындан улам жергиликтүү жашоочулар балдарын башка айылдарга ташып турушат. Эми айылдагы курулуп жаткан бала бакча имараты бүтүп калса ал кыйынчылыктан арылабыз деген айыл тургундарынын үмүт-тилеги чоң.

Аймактарды өнүктүрүү жылында айылды ар тараптан алдыга жылдырууга жергиликтүү эл менен айылдан чыккан жеке ишкерлер жакшы салым кошуп жатканын айыл өкмөт башчысы айтат. Көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлөр элдин көмөгү менен ишке ашып жатат.

Элет жеринде айыл өкмөтүнүн акча каражаты тартыштыгынан улам көп жылдап ишке ашпай, элдин көмөгү менен бул жылы ишке ашып, бала бакчадан сырткары таза суу, инфраструктуралык жаңылануу жана башка социалдык шарттар жакшырып жатат. Айылды жакшыртууга болгон элдин мындай аракети өлкөнүн өнүгүшүнө жол ачат.