Жаңылыктар
Улуттук университет жаңыланууда
Билим
Улуттук университет жаңыланууда

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде институттар менен кафедралардын саны кескин кыскарды. Бул тууралуу университеттин философия кафедрасынын башчысы Абдимиталип Айтпаев билдирди. 

Жаңылануулардын негизги өзөгү окуу процессин оптималдаштыруу. Проректорлордун саны да кескин кыскарган. Мурда 15 проректор болсо азыр төртөө гана калган. Буга чейин 7 институт болуп келсе, алар жоюлуп деканаттарга айланган. Университеттин жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформа учурда кызматкерлер тарабынан катуу сынга алынып жатат, бирок университеттин келечеги үчүн өзгөрүүлөр болуп туруусу зарыл, -дейт Айтпаев.