Жаңылыктар
Ордо калаада сасык тумоо менен ооругандардын саны эки эсеге өстү
Ден соолук
Ордо калаада сасык тумоо менен ооругандардын саны эки эсеге өстү

Бир аптанын ичинде эле ордо калаада сасык тумоо менен ооругандардын саны эки эсеге өстү. Бул маалыматты Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен кабарлашты. 

Ак халатчандардын айтымында, аба ырайы өзгөрүп, температуранын төмөндөшүнөн дене табы көтөрүлгөн учур көп болот. Бирок, бул сезондук көрүнүш. 

Өткөн жумада Бишкек боюнча эки миң адам ооруканага кайрылса, андан мурунку аптада миң бейтап келген. Мындан улам, дарыгерлер, жылуу кийинип, сасык тумоо менен ооруп жаткан адамдын жанына жакын жолобой, көчөдөн келгенден кийин бети-колду самындап жууш керектигин эскертет.