Жаңылыктар
Бишкекте "Делбирим" тасмасынын бет ачары болот
Маданият
Бишкекте "Делбирим" тасмасынын бет ачары болот

Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" повестинин негизинде, кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасынын бет ачары, Бишкекте 5-декабрда болот. Бул тууралуу кинотасманын Кыргызстандагы продюсери Паризат Жакыпбекова билдирди. Анын айтымында, тасманын Өзбекстандагы бет ачары 16-ноябрь күнү өттү. 

Ташкенттеги премьерага Өзбекстандын интеллигенция өкүлдөрү жана бир топ кино жаратмандары келишти. Кино үч-төрт залда коюлуп, жалпысынан 4500 адам катышты. Ал эми биз кыргызстандыктарга Айтматовдун туулган күнүн утурлай көрсөтүүнү чечтик, — деди Жакыпбекова. 

Белгилей кетсек, тасманын узактыгы 1 саат 40 мүнөт. Анын негизги бөлүгү Өзбекстандын Ташкент жана Наманган шаарларында, акыркы эпизоддорду Кыргызстандын Балыкчы шаарында тартылган. 

Ильястын ролун белгилүү өзбек актёру Адиз Ражапов ойносо, Байтемирди Улугбек Кадыров ойноду. Ал эми Аселдин образын кыргыз актрисасы Мадина Талипбек жаратса, Кадичаны Элина Абай кызы аткарды.