Жаңылыктар
Апрель окуясында каза болгондор эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Апрель окуясында каза болгондор эскерилди

Бүгүн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель элдик революциясынын 6 жылдыгына арналган иш чара өттү. Иш чарага президент Алмазбек Атамбаев, парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчысы Темир Сариев, жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, жогорку кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана “Апрель окуясында” каза болгондордун жакындары катышты. 

“Ата-Бейиттеги” иш чара 2010-жылдагы Апрель окуясында каза болгондор эскерилди. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев баш болгон мамлекеттик жетекчилер катышып, маркум-баатырлардын эстеликтерине гүлчамбарларды коюшуп, эскеришти.  

Бакиевдик үй-бүлөлүк-авторитардык режимге каршы күрөшкө чыгып, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн төшүн окко тосуп сексенден ашык мекендешибиз жан берген. Каза болгондордун катарында Теңизбек Алтынбеков кырчындай, 29 жашта болгон. Көптөгөн аза күткөндөрдүн арасында бүгүн Теңизбекти апасы Зина Шермамбетова эскергени келди.

Маркум Теңизбек Бишкектеги Көркөм академиялык окуу жайында студент болгон. Ал ошол кездеги үй-бүлөлүк кландык бийликке нааразы болгон элди колдоп чыккан. Анын ырайымсыз бийликтин карапайым элге карата аткан огунан каза болгонун ата-энесине айыл өкмөттөн кабарлаган.

Теңизбек үй-бүлөдөгү беш баланын үчүнчүсү болгон.

 Мамлекет окуяда каза болгондорго кам көрүп келет. Буга Зина апанын нааразычылыгы жок. Бир гана апрель каргашасынын чыныгы күнөөлүүлөрү аныкталып, алар азыркыга чейин татыктуу жазасын ала электигине апанын көксөөсү суубай келет.

Максат Молдобаев “Апрель окуясында” ок тийип, Кудайдын буйругу менен тирүү калган. Азыркы күнгө чейин жаратын дарылап, окуяда жаракат алган башкалардын ден соолуктарын чыңдоосуна да көзөмөл жүргүзөт. Анткени Максат “Апрель төңкөрүшүндө” жаракат алгандарды көзөмөлдөөчү уюмду жетектейт.

7-Апрелде жаракат алгандардын саны 520 болгон. Анын 35и бир жыл өтпөй алган жараттарынан улам каза болушкан.

Убактылуу өкмөттүн токтому менен каза болгондорго, жаракат алгандарга ар тараптуу акысыз жардамдарды көрсөтүү каралган.

“Апрель төңкөрүшүнөн” кийин Убактылуу өкмөттү Роза Отунбаева жетектеген. Каза болгондорду эскерүүгө келген Роза Отунбаева демократия үчүн күрөшкөн, Кыргызстандын элинин жаркын келечеги үчүн жан берген эр-азаматтарынын эрдиги текке кетпегенине, Элдик революция акырындык менен өз жемиштерин берип жатканына токтолду.

Иш чарада маркумдардын арбактарына багышталып куран окулуп, бата кылынды.

Бозулан Ысаков, “Биринчи радио”