Жаңылыктар
Президент өлкөнүн мурдагы төрагалары жана премьер-министрлери менен жолугушту
Саясат
Президент өлкөнүн мурдагы төрагалары жана премьер-министрлери менен жолугушту

Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлап, конструктивдүү кызматташа алса гана өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот. Бул тууралуу бүгүн президент Жогорку Кеңештин экс-спикерлери жана экс-премьер-министрлери менен жолугушкан учурда айтылды. Өлкө башчысы жолугушуунун максаты - бир аянтчада өлкөнү өнүктүрүүнүн маселелерин талкуулоо экенин белгиледи. Ал эми өкмөт менен парламентти мурда жетектегендер элдин биримдиги, билим берүү жана экономика көйгөйлөрүнөн тартып, баш мыйзамга чейин талылуу маселелерди көтөрүштү.


Коомдогу бардык конструктивдүү күчтөрдүн башын бириктирип, мамлекеттин өнүгүп-өсүшү үчүн, алдыдагы иш аракеттер планын иштеп чыгуу азыркы учурдун негизги талаптарынан болуп турат. Бул багытта өлкө жетекчилиги буга чейин массалык маалымат каражаттарынын, бизнес чөйрөнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана жаштар менен жолугушууларды өткөрүп келсе, бүгүн, Кыргызстандын мурдагы премьер-министрлери, парламент төрагалары менен мамлекеттин келечегине таандык маселелер талкууланды. Талкуу өтө курч мүнөздө өтүп, ар бир маселеге так баа берилди.

Президент менен жолугушууга чогулган премьер-министрлер жана парламент төрагалары өлкөнү дээрлик эгемендиктен бери жетектеп келгендер. Өлкө башчысы белгилегендей, алар Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш учурларда тагдыр чечкен чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышып, саясий майдандын чордонунда жүрүштү. Андыктан өлкө келечеги тууралуу пикир алышып, алардын мол тажрыйбалары пайдаланылбай калбашы керек деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент белгилегендей, мамлекеттин өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги бири-биринен ажырагыс түшүнүктөр. Алар үчүн эл алдында баарыбыз чогуу жоопкербиз деди.

Азыркы күндүн талабы коомдогу бардык конструктивдүү күчтөрдүн башын бириктирип, алдыга карай бирге аракеттенүү. Мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов бардык өнүгүүлөрдүн башаты ынтымак жана биримдик деген пикирин айтты.

Өкмөттүн мурдагы жетекчилеринин көбү өлкө экономикасынын абалына көңүл бурушту. Амангелди Муралиев экономикага структуралык саясатты киргизүү демилгесин көтөрдү. Ал азыркы учурда Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен болгон алакасы жакшырганын мисал келтирип, алар менен санариптик экономиканы курууну каалайт. 



Өлкөдө мындан бир нече жыл мурун башталган административдик аймактык башкарууну реформалоо маселеси боюнча кеңири сөз болду.

Өлкө экономикасын инвестиция тартуунун көлөмүн көбөйтүү аркылуу көтөрүүнү да сунушташты. Мындан сырткары ишкерлерге шарт түзүп, заманбап, инновациялык ыкмалар аркылуу кадам таштоого чакырыктар жасалды.

Коррупцияга каршы күрөш тууралуу эскертпей койгондор болгон жок. Жыл башынан бери бул багытта олуттуу кадамдар жасалып жатканын белгилеген ишмерлер, жемкорлуктун тамырын кыркуу бардык тармактарда улансын деген пикирлерин айтышты. Жогорку Кеңшетин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев коррупцияга каршы күрөш Бишкек жылуулук борбору менен гана чектелип калбаса дейт. Экс-төрага буга катар өлкөдө жалпы улуттук идеологияны түптөө зарылдыгы абдан жогорку экенине токтолуп, өлкө башчысына буга багытталган бир катар сунуштарын айтты.

Жыйында конституциялык реформа жасоо боюнча да маселе көтөрүштү.

Конституцияны алмаштыруудан мурун, адегенде жалпы улуттук идеологияны түптөө, элдин аң сезимин өзгөртүүгө аракет жасоо керектигин айтышып, ушул демилге колдоого аларлык экенин белгилешти. Жолугушууда катышуучулардын ар бирине сөз берилип, алар жалпы мамлкетке таандык көйгөйлөрдөн сырткары өздөрү адистешкен тармактагы маселелерге да көңүл бурушту. Анын ичинде идеология, кадр маселеси, инвестициялык климатты жакшыртуу, билим берүү, шайлоо мыйзамдарын убакыт талабына жараша иштеп чыгуу, энергетика, оор жана жеңил өнөр жайга чейинки маселелер көтөрүлдү.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков, бул аянтча мамлекеттик маанилүү маселелерди талкуулаганга жана пикир алмашуу үчүн мыкты аянтча экенин канааттануу менен белгиледи. Өлкө башчысы мындай жолугушууларды байма бай өткөрүп, бүгүн көтөрүлгөн көйгөйлөрдү деталдуу түрдө талкуулоо сунушун киргизди.