Саналуу күндөрдөн кийин Президент Сооронбай Жээнбековдун бул кызматка киришкенине 1 жыл толот. Бул убакыт аралыгында аткарылган кандай иштер көзгө көрүндү? Талдоочулар мамлекет башчысынын жетишкен ийгиликтеринин бири катары тышкы саясаттагы өзгөрүүлөрдү аташууда.
Орусия Кыргызстанга стратегиялык өнөктөш өлкө. Президент Сооронбай Жээнбековдун мамлекет башчысы катары алгачкы сапары Москвага жасалганы да бекеринен эмес. Андан бери эки өлкөнүн президенттери эл аралык уюмдардын саммиттеринин алкагында дагы төрт ирет жолугушту. Бул бир катар маселелердин чечилишине өбөлгө болгон. Айрыкча Орусияда эмгектенген мигранттардын көйгөйлөрү жоюлууда.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жаралган чек арадагы көйгөй айрыкча ишкерлерге түйшүк жараткан. Өткөрүү пунктунда кезек күткөн унаалар суткалап токтоп турган. Бул маселе Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине бир апта өткөндөн кийин чечилген эле. Назарбаев менен мамлекет башчысы катары алгачкы жолугушуу ЖККУнун Минсктеги саммитинде өткөн. Мындан сырткары мамиле башка коңшу өлкөлөр менен да бекемделүүдө. Президент чектеш мамлекеттердин бардыгында иш сапар менен болду.
Мамлекет башчысынын Анкарага жасаган расмий иш сапары Түркия менен болгон мамилени да жөнгө салды. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган да Бишкекке келип, алаканы бекемдөөгө дагы бир кадам жасалды. Ал өз өлкөсүнүн ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырган.
Үч жылдан бери болбой келген түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин жыйыны Ысык-Көлдө ийгиликтүү өткөрүлдү. Ага мүчөлүк кылбаган Өзбекстандын президенти катышып, өз өлкөсүнүн уюмга кайра кошулуу ниетин билдирди. Ал тургай Венгриянын премьер-министри да саммитке байкоо салып, түрк тилдүү өлкөлөр менен кызматташтыкты бекемдээрин белгилеген.
Президенттин Кытайга жасаган сапары да Тышкы саясаттагы жетишкендиктердин бири катары бааланган. Мамлекеттик макамдагы визиттин алкагында Пекин Кыргызстанга 100 миллион доллар кайтарымсыз каражат бөлгөн. Ошондой эле Мамлекет башчысы мындан сырткары Түркмөнстанда, Белоруссияда иш сапар менен болду. Кыргызстан мамлекеттер менен гана эмес, эл аралык абройлуу уюмдар менен да мамилени бекемдеди. Президент Брюсселде Европа Биримдигинин бардык жетекчилери менен жолугушкан. Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун бийик трибунасында коррупцияга каршы күрөшүү, парламентаризмди бекемдөө Кыргызстандын негизги максаттары экенин айткан. Эл аралык аянтчаларда, мамлекеттер аралык мамиледе Бишкек өз кызыкчылыгын коргоп, башкалардын да нааразычылыгын жаратпаган саясат жүргүздү деген пикирлер басымдуу.
Президент иш сапарларында Чыңгыз Айтматовду бир нече ирет даңазалады. Маселен Нью-Йоркто Бириккен Улуттар уюмунун китепканасында залкар жазуучунун урматына көргөзмө уюштурулуп, КМШнын мамлекет башчыларынын Тажикстандагы саммитинде болсо, Айтматовдун 90 жылдыгына карата атайын билдирүү кабыл алынган. Чет өлкөлөрдө уюштурулган иш-чараларда залкардын адабиятка да, дипломатияга да кошкон салымы белгиленип жатты.
Президент Сооронбай Жээнбеков бир жыл ичинде жалпысынан 30 ирет чет өлкөлөрдө иш сапарларда болуп, анын катышуусу менен 77 эки тараптуу, 400дөн ашык көп тараптуу документтерге кол коюлду.
Мамлекет башындагы адамдардын калпыс кадамдары жылдар бою түптөлгөн өлкөлөр ортосундагы мамилени бузуп коюшу мүмкүн. Андыктан кесипкөй дипломаттар тышкы саясат ар дайым кылдаттыкты, сабырдуулукту талап кылаарын белгилешет. Дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө Кыргызстан да даяр болушу керек. Тышкы саясатта олуттуу мааниси бар окуялар дагы алдыда. Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылып жаткан расмий Бишкек келээрки жылы уюмдун мамлекет башчыларынын саммитин уюштурат. Жыл башында болсо Орусиянын президенти Владимир Путин иш сапар менен келет.