Жаңылыктар
Кочкор районундагы Талаа-Булак айылында картөшкө сактоочу жай ачылды
Айыл чарба
Кочкор районундагы Талаа-Булак айылында картөшкө сактоочу жай ачылды

Кочкор районундагы Талаа-Булак айылында картөшкө сактоочу жай ачылды. Мындай жагымдуу ишти кыргыз-орус-өзбек биргелешкен коому колдоп, ишке ашырган. Учурда кампада төрт жүз тоннадан ашык картөшкөнүн элита сорту сакталып турат. Он миллион сомго чукул каражат кеткен мындай жайды облустун дагы башка райондоруна ачуу жергиликтүү бийликтин биринчи максаты болууда.

Бул Кочкор районундагы картөшкө сактоочу кампа. Ачылганына аз гана убакыт болду. Ичине эки миң тонна картошка батат. Иштөө ыкмасы болсо оңой. Бир гана киши отуруп, сөөмөйдүн учу менен компьютер аркылуу башкарат. Мындай элеттиктердин жашоосун жакшырткан ишти кыргыз-орус-өзбек биргелешкен коому ишке ашырды. Алар кампага жалпы тогуз миллион сом коротушкан.

Учурда кампада 450 тоннадан ашык таза сорттогу үрөөндүк картөшкө сакталып турат. Жаздын алды менен аны элге 65 сомдон сатуу иши каралууда. Жаңы технология менен салынган имаратта түшүмдү сактоо коркунуч туудурбайт. Анткени ичин маал-маалы менен желдетүү жүрүп, бир температураны сактайт.

Өндүрүш өнүксө-өлкө өнүгөт демекчи эми мындай ишти облустун башка райондоруна дагы куруу иши каралып жатат. Азыр жергиликтүү бийлик тарабынан жеке ишкерлерге сунуштар берилди.

Мындай башка облуста үч жүздөн ашык долбоор планга кирген. Азыр алардын эки жүзгө жакыны колдоого татып, ишке ашты. Булардын баардыгы тең жеке ишкерлердин кол сунуусу менен аткарылып, элеттиктердин эңсеген көйгөйлөрү чечилип, жашоосу жакшырып калды.