Жаңылыктар
КУУ: түрк тилин үйрөтүү борбору ачылды
Билим
КУУ: түрк тилин үйрөтүү борбору ачылды

 Кыргыз улуттук университетинде түрк тилин үйрөтүү борбору ачылды. Иш-чарага Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч, Түркия элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Реджеп Сула жана окуу жайдын жетекчилиги катышты. 

Окуу борбору студенттерге түрк тилин акыркы технология жана ыкманын жардамы менен үйрөнүүсүнө шарт түзүп, чет жерден билим алууну каалагандарга мүмкүнчүлүк түзөт. Буга чейин улуттук университеттен жакшы окуган 80 студент Түркияга барып атайын курстардан өтүп келген. Борбор түрк тилин үйрөтүү борбору жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү тармагы боюнча кеңешчилиги тарабынан жабдылган. Тараптар бул өндүү демилгелердин ишке ашышы кыргыз-түрк алакасын жаңы деңгээлге чыгарып, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты дагы да арттырарын белгилешти.