Жаңылыктар
“Түрк агымы” долбоорунун деңиз астынан алып өтүү жумуштары бүткөрүлдү
Дүйнө
“Түрк агымы” долбоорунун деңиз астынан алып өтүү жумуштары бүткөрүлдү

"Түрк агымы" долбоорунун деңиз астынан алып өтүү жумуштары бүткөрүлдү. Кургактагы бөлүгүндө иштери аяктоо 2019- жылы белгиленүүдө. Аталган мунай жолу Россиянын газын Кара деңиздин астынан Түркияга жеткирет жана бул жерден Греция аркылуу Европага ташып өтөт. 19-ноябрда Стамбулда өткөн салтанаттуу жыйында өлкө жетекчилери тарабынан төрт жылдан бери көгүлтүр отту өндүрүү жана ташуу иши таттал бурулуштарга туш болуп, бирок өз ара ишенимдин арты менен долбоор кийинки жылда аяктай турганы айтылды.

Маалыматтарга караганда, мунай жолу толук кубаттуу ишке киргенде Россиядан Түркияга жылына 31,5 млн кубометр газ өткөрүлүп, мынча көлөмдөгү көгүлтүр от Европанын түштүгүндөгү бир катар мамлекеттерди камсыз кыла алат. Түрк агымы буга чейин Евробиримдиктин каршылыгына туруштук бере албаган “Түштүк агым” долбоорун алмаштырууда. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"