Жаңылыктар
Сиздин жардам өмүрдү улайт
Ден соолук
Сиздин жардам өмүрдү улайт

КТРК менен “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фондусу биргелешип, “Жүрөктөн жүрөккө” долбоору аркылуу ден соолугу начар, жардамга муктаж жарандарга жардам берүүнү улантууда.

 Бул ирет 8 жаштагы Элдар Соороновдун жүлүнүн операция кылууга 45 миң АКШ доллары керек болуп жаткандыктан апасы менен жакындары кайрымдуу элден жардам сурашууда. Ал эми өткөн жолку көрсөтүүбүздөгү “Паллистер-Киллиан” синдрому менен жабыркаган каарманыбыз Садыров Эльханга мекендештерибизден чогулган акча каражаты атасынын колуна берилди.