Жаңылыктар
Быйыл Кыргызстан 2000 тонна эт экспорттоду
Экономика
Быйыл Кыргызстан 2000 тонна эт экспорттоду

Быйыл Кыргызстан 10 айдын ичинде 2000 тонна эт экспорттоду. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, 2017-жылы болгону 440 тонна эт экспорттолгон. Учурда Кыргызстандын эти Иранга жумасына 40 тоннадан кетип жатат. 

Андан сырткары, малдын ич эти аз-аздан болсо да Канада, АКШга чейин сатылууда. Маалымдалгандай, ЕАЭБдин ичине эт аз көлөмдө экспорттолууда. Негизинен биримдикке кирген өлкөлөргө кайра иштетилген эт азыктары жөнөтүлүп жатат. 

Тагыраак айтканда, Кыргызстандын 49 ишканасынын бешөө колбаса менен пельмендерди даярдап чыгарып, экспорт кылууда. Маалыматтарга караганда, Россиядан атайын адистер келип мал сойгон үч жайды текшерип кеткен, жаңы жылдан тарта чийки эт дагы экспорттоло башталат.