Жаңылыктар
Бишкекте катары менен ок атылган 2 окуя катталды
Кылмыш
Бишкекте катары менен ок атылган 2 окуя катталды

Кечээ Бишкектин 3-кичирайонунда болгон окуяга, 5-апрелде Чүй проспектиси жана Курманжан Датка көчөсүндө катталган ок чыгаруу фактысынын тиешеси жок. Мындай маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Олжобай Казабаев тастыктады. 

Айта кетсек, 5-апрелде Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар унаанын ичинен жолдо бараткандарга ок чыгаргандыктан 6-апрелде ИИМдин, ыкчам аракеттеги атайын отряддын аскерлери кызматкерлери шектүү унааларды текшерип жатышкан. 

Жунусалиев жана Койбагаров көчөрлөрүн кесилишинен бир унааны токтоткон мезгилде, ал милиция кызматкерин сүзүп барып токтогон. Милиция кызматкери тура калып, унаадан чыгып качып бараткан адамды кубалап эскертүү катарында ок чыгарган. Бирок качкан жаран токтобогондуктан, ок чыгарууга аргасыз болгон. 

Азыр ал адам ооруканада, ал эми милиция кызматкерине "тез жардамдын" дарыгерлери жеринде көмөк көрсөтүшкөн. Учурда качкан адам эмне үчүн андай аракетке баргандыгы тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатат.