Жаңылыктар
Жеңилдетилген насыя алып ишкерликти колго алгандар
Экономика
Жеңилдетилген насыя алып ишкерликти колго алгандар

Таш завод иштетүүнү баштаган Жалал-Абаддык жеке ишкер Максат Абдыкеримов, мамлекет тарабынан берилген жеңилдетилген аз пайыздуу насыядан алып, өндүрүштөгү техникалык базасын чыңдап, эми чет жакка кетүүчү продукциянын көлөмүн көбөйтүп баштады. Ишкер андан сырткары калдыкты кайра иштетип, жаңы курулуш материалдарын чыгарууну пландап жатат.


Максат Абдыкеримов Жалал-Абад шаарынын аймагына таш кесүүчү завод куруп, андан турак үйгө жана баша курулуштардын сырткы келбетине коюлуучу түрдүү размердеги материлдарды чыгарууда. Айтымында бул курулуш материалы өзгөчө кооздук берет.

Бирок өндүрүштү баштагандан кийин кыйынчылыктар жаралып, аз көлөмдө гана продукция чыгып турган. Ага керектүү техниканын жоктугу себеп болгон. Мындан улам Максат мамлекет тарбынан берилүүчү жеңилдетилген аз пайыздуу насыядан 350 миң доллар каражат алып, ал акчага техникалык базасын чыңдап, муктаж болуп келген таш кесүүчү станокторду сатып алган. Ошону менен өндүрүштү өз жолуна түштү дейт. Даярдалган продукциянын көбү чет өлкөгө экспорттолот.

Ишкер өндүрүшкө дагы жаңылык киргизип баштады. Жараксыз болуп чыккан таштарды кайра иштетип, андан да курулуш материалын чыгарууну пландап жатат.