Жаңылыктар
Президент грек-рим күрөшүнөн күмүш медалды жеңген Жоламан Шаршенбековду куттуктады
Спорт
Президент грек-рим күрөшүнөн күмүш медалды жеңген Жоламан Шаршенбековду куттуктады

Будапештте грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинде күмүш медалын жеңген Жоламан Шаршенбековду жеңиши менен президент Сооронбай Жээнбеков куттуктады. Спортчу жана анын машыктыруучусу бүгүн өлкө башчысынын кабыл алуусунда болуп, аларга президенттин энчилүү сааттары тапшырылды. 


Күнүгө кеминде төрт сааттан машыгуу Жоламан үчүн көнүмүш адам болуп калган. Ушул залга ал 3-класс кезинде келген. Азыр 19 жашта. Колу бутту жибитип, дегеле денени ийге келтирүүчү бардык көнүгүүлөр грек рим күрөшүнө да таандык десе болот.

Грек рим күрөшүндө спортчу үчүн күнүнө 4 сааттан сегиз саатка чейин машыгуу көндүм адат. Ансыз ийгилик жаратуу мүмкүн эмес дейт Жоламан. Андан сырткары туура тамактануудан тартып, маанайыңа кам көрүүгө чейинки бир катар тартиптер бар.


Ал эми Хаким Махмудов Жоламан Шаршенбековдун жеке машыктыруучусу. Жашы жетимишке таяп калса да, шакирттерин татыктуу тарбиялап келе жетет. Ал спортчуларды машыктырууда жаш балдарга басым жасай турганын айтат. Мындан сырткары күрөштө ар бир балага жекече мамиле кылуу керектигин кошумчалады.