Жаңылыктар
Бүгүн ден-соолук күнү
Ден соолук
Бүгүн ден-соолук күнү

 Бүгүн бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнү белгиленип жатат. Бишкекте “Кант диабетин токтотобуз” акциясы уюштулуп, дарыгерлер каалоочулардан анализ алып, кандагы канттын деңгээлин текшерип беришти. 

Андан тышкары республика боюнча ден-соолук күнүнө карата кантип бул илдетти алдын алса болот жана кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ден-соолукту чыңдоо борборунун маалыматына караганда, өлкөдө 50 миңдин тегерегинде кант диабети дартына чалдыккандар катталган. 

Ден-соолук күнүн белгилөө чечими 1948-жылы кабыл алынып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Уставы жарыяланган. Уюм ар жылды медицинанын актуалдуу маселесине арнап, адамзаттын көңүлүн буруу аракетин көрөт. Эгемен Кыргызстан да бул уюмдун мүчөсү жана саламаттык сактоо тармагы калыптанган өлкө катары Бүткүл дүйнөлүк Ден-соолук күнүн салтанат менен белгилеп келет.