Жаңылыктар
"Вечерний Бишкек" басма үйүнүн кожоюну Александр Рябушкин кармалды
Коррупция
"Вечерний Бишкек" басма үйүнүн кожоюну Александр Рябушкин кармалды

"Вечерний Бишкек" басма үйүнүн кожоюну Александр Рябушкин кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. 

Милициянын маалыматына ылайык, акционерлердин арызынын негизинде "Вечерний Бишкек" басма үйү текшерилип, жетекчилиги тарабынан мыйзам бузуу болгону аныкталды. 2016-жылы Бишкек шаардык соту "Вечерний Бишкек" басма үйүн, "Вечерний Бишкек" гезитинин редакциясын, vb.kg Интернет сайтын, "Жаңы агым” гезитинин редакциясын жана "Рубикон" рекламалык фирмасын аброюма шек келтирди деп сотко берген доогер Эркин Мамбеталиевдин пайдасына 1 млн сом төлөп берүү чечимин чыгарган. 

2015-жылдын август айында Свердлов райондук соту "Вечерний Бишкек" басма үйүн Икрамжан Илмияновго 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Тергөөнүн маалыматына караганда, 2016-жылы 21-октябрда "Вечерний Бишкек" басма үйүнүн директору Мурат Божокоев Александр Рябушкин менен кызмат абалындагы укугунан пайдаланып, Эркин Мамбеталиевге 1 миллион сомду акционерлердин кызыкчылыгына каршы келгенине карабай төлөп берген. 

Ошол эле күнү "Вечерний Бишкек" басма үйүнүн кассасынан чыгаша ордери менен Эркин Мамбеталиевге 1 миллион сомду накталай санап беришкен. 

Мурат Божокоев менен Александр Рябушкин бул аракеттери менен компанияга материалдык ири зыян келтиришкен. Бул факт боюнча «бирөөнүн ишеничине кирип мүлкүн чыгымга учуратуу», «коммерциялык жана башка уюмдардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу», «документтерди жасалгалоо жана жасалма документтерди пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери башталды.