Жаңылыктар
Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады
Ден соолук
Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады

Сөөктөрдү калыбына келтирүү боюнча сейрек жасалуучу операция Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жасалды. Талантуу хирург Сабырбек Жумабековдун жөндөмдүү колу менен жасалган уникалдуу операцияга Ала-Тоо 24 каналынын чыгармачыл тобу катышып келди.


Сентябрь айында өзүнүн үйүндө катуу жыгылып, колун сындырып алган жаран жарака кеткен колунун ооруганына чыдабай жергиликтүү райондук бейтапканага кайрылган. Ал жерден 4-октябрда сөөгүнө операция жасалып, ийин сөөгүнүн башы алып салынган. Бирок 20 күн ооруканада жатып дарыланса да, ооруган колу айыгып калыбына келген эмес. Акырында  тажрыйбалуу дарыгер Сабырбек Жумабековго кайрылууга мажбур болгон.

Колу жеңил хирург, бейтаптарды айыктыруу үчүн атайын буйрутма менен Түркиядан эң сапаттуу медициналык шаймандарды алдырып келген. Жаңы келген мына ушул медициналык аспаптардын жардамы менен өзүнүн бай тажрыйбасына таянган Сабырбек Жумабеков ийин муундарынын сейрек кездешүүчү тоталдык эндопротез операциясын ийгиликтүү жасап, бейтаптын ийин сөөгүнүн башын калыбына келтирди.