Жаңылыктар
Парламентте мигранттар маселеси көтөрүлдү
Саясат
Парламентте мигранттар маселеси көтөрүлдү

Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстандык 500 миңден ашык жаран Россиянын жарандыгын алган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйында айтылды. Анда “Тышкы миграция жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. 

Эл өкүлдөрү мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун да жогорулатуу, мигранттардын чет жердеги абалы, бөтөн жерде жүрүп каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине алып келүү, алардын жарандыгы сыяктуу бир катар орчундуу маселерди талкууга алды. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"