Жаңылыктар
Кепилдик фонду өткөн жылга салыштырмалуу каржылоону эки эсе көбөйттү
Экономика
Кепилдик фонду өткөн жылга салыштырмалуу каржылоону эки эсе көбөйттү

Быйыл Кепилдик фонду өткөн жылга салыштырмалуу каржылоону эки эсе көбөйттү. Натыйжада продукциясын дүйнөнүн 40 өлкөсүнө саткан Таластагы чоң төө буурчак заводу, Ош областында сүттү кайра иштетүүчү жана курут жасоочу завод курулган. 

Мындан сырткары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду айыл чарбасын, региондордо талаачылык жана мал чарба продукцияларын кайра иштетүүнү каржылоонун көлөмүн 14-15 пайызга көбөйткөн. Эксимбанк, Азия өнүктүрүү жана Евразиялык өнүктүрүү банктарынын эсебинен 2019-жылы региондордо жалпы узундугу 690 км түзгөн эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду куруу жана реабилитациялоону улантуу пландаштырылууда.

Более подробно вы сможете услышать материал в аудио записи.

Гулнура Сманбекова, "Биринчи радио"