Жаңылыктар
Теңиртоолук баатырлар эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Теңиртоолук баатырлар эскерилди

 Нарын облусунда Апрель революциясынын 75 баатыры бар. Бирок алардын 31 бул бийик наам курман болгондон кийин ыйгарылган. Эскерүү алдында аларга багышталып куран окулду. 

Ал эми «Айкөл Ала-Тоо» жана «7-Апрель элдик революция» коомдук кыймылдарынын мүчөлөрү ошол кандуу окуянын катышуучуларын эскерүү ирээтинде жөө жүрүшкө чыкты. 

Ошондой эле Нарын шаарындагы сейил бакта тургузулган Апрель баатырларынын эстелигине гүлчамбарлар коюлду. Теңир тоолуктардын бул аракеттерине Жогорку Кещештин айрым депутаттары да күбө болушту. «Кур терек» ат майданында көк бөрү оюну боюнча облус биринчилиги өткөрүлдү. Байге фонду 150 миң сомду түзгөн мелдеште 11 команда күч сынашты.