Жаңылыктар
Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун
Аймак
Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун

 Апрель революциясынын 6 жылдыгы Ошто да белгиленип, облус аймактарынан келген 80 баатыр катышты. Алгач курман болгондорго багышталып куран окулду. 

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ошол кезде бийликтин катасын тайманбай айтып, элдик бийликтин орношуна салым кошкондугу үчүн чогулгандарга ыраазычылык билдирди. 

Бул күнү баатырларга дасторкон жайылып, белектер берилип, ыр-күүлөр жаңырды. 7-апрель күнү элинен качкан Курманбек Бакиев куралданган адамдар менен Ош шаарына келген. Бул жерден да куугунтук жеген.

“Бул жерде олтургандар элдик баатырлар.7-апрелден кийин Бакиев куралданган жигиттер менен Ош шаарын борбор кылып, түндүк-түштүк маселесин козголуп жаткан кезде кууп салышкан. Алардын баары мына ушул жерде олтурат”- дейт Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев.