Жаңылыктар
Өкмөт башчы Талас облусуна иш сапары менен барды
Экономика
Өкмөт башчы Талас облусуна иш сапары менен барды

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев элеттеги олуттуу маселелерден жеринде кабар алууда. Бул жолу премьер-министр Талас облусунун бир катар социалдык жана айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Анын жыйынтыгында көйгөйлөрдү чечүүнү тездетүү тапшырмалары берилди.

Талас шаарындагы чек арачылар үчүн салынып жаткан 24 батирлүү турак-жайдын курулушу эки жыл мурда башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, ички тышкы жасалгалоо жумуштары жүрүүдө. Турак жайды кыдырып көргөн Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга курулуш иштерин өз убагында, сапаттуу камсыздоону жана айлана тегеректи көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.