Жаңылыктар
Бир катар илимпоздор мамлекеттик сыйлыктарга татыды
Билим
Бир катар илимпоздор мамлекеттик сыйлыктарга татыды

Илим жана техника жаатындагы жетишкендиктери үчүн бир катар илимпоздор мамлекеттик сыйлыктарга татыды. Алар медицинада, анын ичинен офтальмологияда, скелеттин узун сөөк сыныктарын заманбап дарылоо боюнча жаңы эмгектин авторлору. 

Мындан сырткары өлкөнүн коомдук саясий өнүгүүсүндөгү актуалдуу көйгөйлөр жумушу үчүн бир нече окумуштуулар өлкө башчынын колунан сыйлык алышты. 

Илим жана техника жаатындагы жетишкендиктер үчүн мамлекеттик сыйлыктар ар эки жылда тапшырылат. Бул жолу илимпоздор тарабынан сунушталган 5 эмгектин ичинен үчөө добуш берүү аркылуу тандалып алынып, алардын авторлору болгон 11 окумуштуу сыйланды. Иш-чаранын соңунда сыйлык ээлери Президент менен бирге эстеликке сүрөткө түштү.