Бул ирет кыргызстандыктар 7-апрелди расмий майрам катары өткөрүштү. Кан төгүүлөр болгон күндү салтанатка айландыруунун зарылчылыгы барбы деген талкуулар жаралбай койгон жок. Президент Алмазбек Атамбаев элге кайрылуусунда эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүгө байланыштуу да өз пикирин айткан.
Ал күн али элдин эсинде. Мындан туура 6 жыл мурда Кыргызстан дүйнө коомчулугунун назарын бурган. Ыңкылапты ишке ашыруу оңойго турбай, Ак үй алдында эр азаматтардын каны төгүлгөн эле. Андан бери ар жыл сайын 7-апрелде эскерүү иш-чаралары, түрдүү конференциялар өтүү менен гана чектелген. Президент Алмазбек Атамбаев өлкө түштүгүндө иш сапар менен жүргөн учурда 7-апрелди расмий деңгээлде белгилөө керек экенин айткан эле.
Өлкө башчынын Аксы окуясын, март жана апрель ыңкылаптарынын аттарын түбөлүккө калтыруу тууралуу жарлыгы жарык көрүп, анда 7-апрелди майрам катары белгилөө сунушу Жогорку Кеңешке жолдонгон. Аны кабыл алууда парламентте тоскоолдук болгон жок. Төрага Асылбек Жээнбеков мыйзамга добуш берүү алдында депутаттар тарыхый кадам жасап жатышканын белгиледи.
Ошентип, 7-апрель майрам күндөрдүн катарын толуктады. Бирок, элдин каны төгүлгөн күндү салтанатка теңөөнүн зарылчылыгы барбы дегендер чыкпай койгон жок. Президент жаңы пайда болгон расмий майрамга байланыштуу элге кайрылуу жасап, өз кадамынын маанисин белгиледи. Эгемендикке ээ болгон мезгилдеги Аксы окуясы, март ыңкылабы да элдин эркиндикке умтулуусун билдирет. Бирок, майрам күн катары 7-апрель тандалып алынганы бекеринен эмес.
Эл арасында ыңкылаптын максаттары ишке ашкан, ашпаганы тууралуу талкуулар токтоп кала элек. 2010-жылдагы убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев революциянын шарапаты менен негизги өзгөрүүлөр болду деп эсептейт. Ал эми жеңишти сактап калуу үчүн көпчүлүк эрежеге баш ийип жашашы керек деген пикирде.
Көпчүлүк 6 жыл мурдагы элдик толкундоолорду үй-бүлөөлүк башкарууга, адилетсиз режимге каршы күрөш катары сыпаттайт. Бир катар маанилүү обьектилердин өз баасынан алда канча арзан сатылышы, сын айткандарды куугунтуктоо өңдүү көрүнүштөр да бийликке нааразычылыктарды пайда кылган эле. 2010-жылы 7-апрелде Ак-үй алдындагы бийлик тараптан атылган ок 90го жакын эр азаматтардын өмүрүн алган. Андан бери жаракатынан улам дагы 30дан ашык адам өлгөн. Ак үй алдындагы кан төгүүлөргө байланыштуу соттук териштирүүлөр толук жыйынтыктала элек. Экс-президент Курманбек Бакиев менен анын жакындары сыртынан гана соттолуп тим болушкан. Беларусиядан качкын президентти кайтарып алуу аракети натыйжа бере элек.
Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”