Жаңылыктар
Талашка түшкөн Ункар-Тоонун тагдыры документтик териштирүүдө чечилет
Саясат
Талашка түшкөн Ункар-Тоонун тагдыры документтик териштирүүдө чечилет

Жакынкы күндөрү айрым интернет булактарына жарыя болгон “2006-жылы эле Ункар-Тоону ошол кездеги президент Курманбек Бакиев Өзбекстандыкы деп тааныган”деген протокол коомчулукта чоң талкууну жаратты. Анда 2006-жылдын 23-сентябрында Ташкентте чек ара боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөнү, соңунда кабыл алынган протоколдо Ункар-Тоо  “Өзбекстандын аймагында жайгашкан” деп белгиленгени жазылган. Кыргыз өкмөтү өз кезегинде Ункар-Тоо Кыргызстандыкы экендигин баса белгилеп, бир см жер да берилбей тургандыгын айткан.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Ункар-Тоонун маселесин жабык эшик артында карап, жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берген премьер-министр протокол атайылап бурмаланганын билдирген.

Жалпы аянты 45 чакырымды түзүп, аймагында Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондоруна байланыш жана телерадио толкундарын таратып турган Кербен 24 станциясы курулган аймак Үңкүр-Тоо тууралуу архивдик материалдарда төмөндөгүдөй маалыматтар камтылган.

1925-жылдагы республикалар аралык чек ара картасында, бул аймактагы мамлекеттик чек ара сызыгы ошол кездеги Наманган уезинин, Чартак болушунун Янги-Курган аймагы аркылуу өткөн.

Ал эми 1938-жылы аталган аймактын бир бөлүгү Кыргызстанга тийиштүү Кербен районунун “Кызыл Трактор” айыл чарба артелине түбөлүк колдонууга берилген.

1955-жылы 12-июнда кыргыз-өзбек чек араларын тактоо боюнча республикалар аралык комиссиянын кароосу боюнча жазылган протоколдо, аймак Өзбекстанга тиешелүү деп жазылган, бирок чек ара тилкелери так белгиленген эмес.

Ал эми 2006-жылдын 23-сентябрында ошол кездеги президент Курманбек БакиевдинТашкентке жасаган расмий иш-сапары учурунда, чек ара боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн. Ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган протоколдо Ункар-Тоо “Өзбекстандын аймагында жайгашкан” деп белгиленген өзбекче Унгартепе деп жазылган.

Бул архивдик маалыматтарда белгилүү болгондой, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин расмий сапары учурунда түзүлгөн протоколду аныктоо оорчулук туудурган жок. Эки өлкө ортосундагы чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиядагы кыргыз тараптын ошол кездеги расмий өкүлү Саламат Аламанов Ункар-Тоо Кыргызстанга тиешелүү экендигин далидеген документтер табылса, кайрадан сүйлөшүүлөрдүн жолу менен аймакты талап кылууга болот дейт. Ал эми өзбек тарап бул аймакты Унгартепе деп атап алганы да анык.  

Эмнегедир 2013-жылы өзбек чек арачылары Ункар-Тоо аймагына пост орнотууга аракет жасаганда, эки тараптын чек арачыларынын ортосунда тирешүү чыкан. Бирок маселе ал учурда тынчтык сүйлөшүү жолу менен чечилген.

Ал эми премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургундары менен болгон жолугушууда Ункар-Тоо жана талаштуу чек ара маселелери боюнча өкмөттүн так жана ачык позициясын билдирген.

Бирок андан көп өтпөй Аксы районунун Кербен шаарынын депутаттары аларга кыргыз өкмөтүнөн Ункар-Тоодогу мунараны башка жакка көчүрүү тууралуу протокол келгенин айтып, ал жерде станция Өзбекстандын территориясында жайгашкан деп жазылганына нааразы болуп чыгышкан. Ага жооп кылып, өкмөттүн алдындагы делимитация жана деморкация маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров Кербен станциясы ордунда кала тургандыгын айтып, ал жерге жаңы станция куруу маселеси көтөрүлүп жатканын билдирген.

Буга чейинки берилген расмий маалыматтары боюнча кыргыз өкмөтү Ункар-Тоо боюнча маселеде аягына чейин турарын белгилөөдө. Ал эми Аксыдагы Ителги чокусуна жаңы радиорилейлик станция  курулуп,  мурдагы Унгар-Тоодогу станция ордунда калтырылат. Мындай  чечим  Кербен шаардык кеңешинин жыйынында кабыл алынган. Өкмөт жаңы станцияны курууга 50 миллион сом бөлгөн  жана аны жыл аягына чейин бүткөрүү пландаштырылууда.

С. Идирисов, “Биринчи радио”