Жаңылыктар
Баткенде май ташуучу унаа оодарылып кетти
Кырсык
Баткенде май ташуучу унаа оодарылып кетти

Кырсык жума күнү кечинде болгон. Авариянын келип чугуу себеби унаанын техникалык абалы начар болгондугунан деп айтылды. Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Бирок ал жердеги тургундар коркунучту аңдабай эле майды чакалап чогултууга киришкен. Мына ушундай коркунучтуу кырсык Исфанада жума күнү катталды. Май ташуучу унаа жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. Натыйжада оор унаалар экөө тең оодарылып кеткен. 

Бирок, кырсык болгон жердеги тургундар алдыдагы болуучу коркунучту түшүнбөй, төгүлгөн күйүүчү затты чакалар менен чогултууга киришишкен. Зат бир эле секундда от алып кетиши мүмкүн эле. Адамдар өздөрүнүн коопсуздугун ойлобой, бул ишке барганы социалдык тармакта кызуу талкууга алынды. Айрымдар муну жарандардын ач көздүгү дешсе, кээ бирлери буга күч органдары көңүл бурбай жатат деп сындашууда. Былтыр Пакистанда мына ушундай окуя болгон. Анда адамдар күйүүчү майды желим бөтөлкөлөп жана чакалар менен ташып алууну каалашкан. Натыйжада ал жер өрттөнүп, 150 адам каза тапкан. 

Күйүүчү-майлоочу май ташыган унаалардын айдоочулары коопсуздук эрежелерин тыкыр көзөмөлгө алуулары керек. Тилекке каршы, айдоочулар алыскы жолго чыгаарда, эң эле маанилүү болгон техникалык эрежелерди сактабай жатат. Мында адамдык фактор роль ойнойт. Өзгөчө мындай оор унаанын айдоочусу өзүнүн жана көпчүлүк жарандын коопсуздугун ойлошу зарыл. Жыл башынан бери май куйуучу унаалар менен болгон 10дой кырсык катталды. Андан 6 адам мерт кетип, 11 жаран жаракат алган.