Жаңылыктар
Чоң жыйырмалыктын саммити соңуна чыгып, декларация кабыл алынды
Дүйнө
Чоң жыйырмалыктын саммити соңуна чыгып, декларация кабыл алынды

Чоң жыйырмалыктын саммити соңуна чыгып, жыйынтыгында декларация кабыл алынды. 31 пункттан турган документте чакан жана орто бизнести колдоо, билим алууга шарт түзүп берүү өңдүү бир катар маселелер камтылып, негизги өзөгүн дүйнөлүк соода уюмун реформалоо, экономика, миграция жана климаттын өзгөрүүсү боюнча Париж макулдашуусун ишке ашыруу түздү.

Чоң жыйырмалыкка мүчө мамлекетттердин жетекчилери дүйнөлүк соода уюму учурдагы система натыйжалуу болбой жаткандыгын билдирип, 2019-жылы Японияда өтө турган кийинки жыйында карай турган болушту.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"