Жаңылыктар
Ош базарын кайрадан өрт каптады
Кырсык
Ош базарын кайрадан өрт каптады

Бишкек шаарындагы Ош базарын кайрадан өрт каптады. Жыл башынан бери төртүнчү жолу өрттөнүп жаткан базардын бул ирет 500 чарчы метр аймагы күйүп кетти.

6 жылдан бери Ош базарында кийим сатып иштеп келген Бакдөөлөттүн кечээ эле баардык оюу ордунда болчу. Ата-энесин бир-туугандарын дал ушул жерде соода кылуу менен багып келген Бакдөөлөт бүгүн эртең менен келип эле 3 контейнер толо товарларын таппай калды.
Тилсиз жоо 3-декабрдан 4 үнө караган түнү болжол менен 23.30дарда тутанган. Бул ирээт Ош базарынын Бейшеналиев - Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кийим-кече сатылуучу контейнерде өрт чыгып, болжол менен 500 чарчы метр күйгөн.
Катары менен жайгашкан контейнерлерден тутанган от, кеминде 50 гө чукул контейнердеги баардык товарларды күлгө айланткан. Жеген нандарынан ажыраган сатуучулар ушул тапта өрттөнгөн орундуктарын жарданып карагандан башка кандай айла табаарын билбей турушат. Айтымдарында тилсиз жоо түн ичинде башталгандыктан, убагында келип товарларын чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Окуяга күбө болгондордун баамында өрт кырсыгы ошол жердеги кафеден жана кийим саткан базардан башталып, бир заматтын ичинде жалындап күйүп баштаган. Кырсык тууралуу кабар жетери менен келишкен куткаруучулардан баардыгы болуп 6 6ригада иштеген. Өрт түнкү саат бирлерде чектөөгө алынып, майда очоктору таңкы 3 төр чамасында толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

3-декабрда “Берекет” базарынын ижарачылары жаңы соода борбор курулуп бүткүчө мурдагы орундарда соода кылууга уруксаат берүүнү талап кылып, Ленин райондук администрациясынын алдына чогулушканын айта кетели. Сүйлөшүүлөрдөн кийин ал жерде иштеген 312 ишкерге жаңы орундар акысыз берилмекчи болгон.

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ош базарында быйыл катталган өрт кырсыгы биринчи ирет эмес. Январда Ош базарынын бир бөлүгү болгон Сейтек базарында өрт чыгып, бир нече дүкөн күйүп кеткен. Ушул эле "Сейтек" кичи базарынан 5-марттын түнүндө да өрт чыгып, анын кесепетинен болжол менен 1000 чарчы метр аянт күйгөн. Ал эми 13-апрелде таңга жуук чыккан өрттөн "Берекет" соода түйүнүнүн болжол менен 2000 чарчы метрден ашуун соода аянты да күйүп кеткен.