Жаңылыктар
Баткенде аткезчилик менен ташылып бара жаткан өрдөк эти кармалды
Кылмыш
Баткенде аткезчилик менен ташылып бара жаткан өрдөк эти кармалды

Баткен облусунда аткезчилик менен ташылып бара жаткан өрдөк эти кармалды. Бажы кызматынын маалыматы боюнча, 28-ноябрда жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын натыйжасында Баткен облусунун Чоң-Талаа айылында "Мерседес-бенц спринтер 412” унаасы текшерилген. Анда жалпы салмагы 2 680 кг өрдөктүн тоңдурулган эти табылды

Айдоочуда бажылык жактан таризделген товар коштоочу документтери жана ЕАЭБдин бажы аймагына ташып кирүүнүн легалдуулугун тастыктаган документтери жок болуп чыккан. Кармалган товардын жалпы суммасы 656 миң 600 сомду түздү. Ал эми айдоочуга карата чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына жөнөтүлгөн.