Жаңылыктар
Кытай компаниясы Казарман каскадына ГЭС курууга кызыкдар
Экономика
Кытай компаниясы Казарман каскадына ГЭС курууга кызыкдар

Апта башында вице-премьер-министр Олег Панкратов менен кытайлык ишкерлердин жолугушуусунда Кытай компаниясы Казарман каскадына1160 мегаватт кубаттуулуктагы ГЭС курууга даяр экендиктерин билдирген. Орто көлөмдөгү ГЭС жылына 4661 миллион киловатт саат электр энергиясын өндүрөт. Ал эми энергетиктер мамлекет чет элдик инвесторлорго өндүрүлгөн электр жарыгын экспорттоого шарт түзүп берүүсү керек деп белгилейт.

Эки тараптуу жолугушууда вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргызстан өлкөнүн гидроэнергетика тармагына түз инвестиция тартууга чоң маани берерин билдирип, ишке ашып жаткан бир нече жаңы долбоорлор өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиянын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн айткан. Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Назира Ахмедованын айтымында долбоор боюнча документтер баштыгы жакынкы арада даярдалат.

ГЭС жылына 4661 миллион киловатт саат электр энергиясын өндүрөрүн жана Ала-Бука, Тогуз-Торо жана эки Кара-Булуң ГЭСтерин куруу боюнча долбоордун бардык документтери даярдалып жатканын билдирген. Мурунку энергетика жана өнөр жай министри, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин белгилөөсүндө мамлекет чет элдик инвесторлорго өндүрүлгөн электр жарыгын экспорттоого шарт түзүп берүүсү керек. Буга окшогон кичи жана орто ГЭСтерден эгер мамлекет туура иш жүргүзсө пайда гана табат дейт.  

Ал эми Парламент депутаттары өткөн айда, өлкөнүн энерготармагынын ишин жөнгө салуу үчүн жеке инвесторлорду тартуу менен орто жана кичи ГЭСтерди куруу керек экендигин белгилеп, «Энергетика жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койгон.

Демилгечилердин бири, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев энерготармакты өнүктүрүү үчүн атаандаштыкты пайда кылабыз деп билдирип, мурун бир гана ишканадан электр энергия сатып алган болсок, бул мыйзам аркылуу арзан жана сапаттуу электр энергия өндүргөн жеке ишканалардан сатып алабыз деп билдирген.  Жеке ишкерлер ТЕЦ, ГЭСтерди жана кичи ГЭСтерди курганга мүмкүнчүлүк алат. Андан сырткары эл өкүлү чет мамлекеттерден инвесторлорду тартуу зарыл.

Энергетика боюнча көз карандысыз эксперт Расул Үмөталиевдин пикиринде өлкөнүн энерго тармагына инвесторлорду тартуудан мурун, аларга алгач ыңгайлуу шарт түзүп берүү керек. Каражатын жумшап ГЭС курган инвесторлор өз пайдасын да көрүүсү зарыл. Жалал Абад облусунун аймагындагы Казарман каскадына орто ГЭСтерди куруу ниетин билдирип жаткан Кытайлык компания 6,9 млрд. долларлык уставдык капиталы бар, Кытайдын ири мамлекеттик компаниясы болуп саналат.

С. Идирисов, “Биринчи радио”