Жаңылыктар
"Делбирим" кино сүйүүчүлөрдүн назарында
Маданият
"Делбирим" кино сүйүүчүлөрдүн назарында

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде тартылган “Делбирим” көркөм тасмасы Бишкектеги кинотеатрларда 5-декабрдан тарта көрүүчүлөргө тартууланат. Тасманы кыргыз-өзбек киночулары тартты.

Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте тарткан “Делбирим” тасмасы. Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде тартылды. Тасманы жаратуучулар менен анда башкы ролду жараткандар эки өлкөнүн достугун, маданиятын бекемдеген кинону тартууга 3 ай убакыт кеткенин айтышты. Фильмди “Өзбеккино” улуттук агенттиги жана Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору тартты. 1 саат 40 мүнөткө созулган тасманын сценарийин Керез Зарлыкова жазган, режиссеру өзбекстандык Сарвар Каримов.
Кинодо Аселдин образын кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек, Кадичаны Элина Абай кызы аткарды.

Ал эми Илиястын ролун Өзбекстандык белгилүү актер Адиз Ражапов, Байтемирди Улугбек Кадыров ойноду. Кинонун бет ачарына актер Улугбек Кадыров Бишкекке келип, жараткан ролу тууралуу пикирин бөлүштү. Актер Айтматовдун чыгармаларынан “Жамиляны” сүйүп окуганын, ал эле эмес Даниярдын ролун жаратуу кыялы болгонун, “Делбиримде” Байтемирдин образын жаратуу менен тилеги ишке ашканын айтты.

Тасма июлдан сентябрга чейинки аралыкта, негизги бөлүгү Өзбекстандын Ташкент жана Наманган шаарларында, акыркы эпизоддору Кыргызстандын Балыкчы шаарында, Ысык-Көлдүн жээгинде тартылды. Фильм ушул күндөрү Өзбекстандын кинотеатрларында көрсөтүлүп жатат.

“Делбирим” акыркы 30 жыл ичинде кыргыз-өзбек киночулары биринчи жолу биргелешип тарткан тасма. Ага эки элдин мыкты таланттарын тең катыштыруу тасманын жаратуучулары жана фильмдин келечеги үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин кино сынчылары белгилешүүдө.
Белгилей кетсек, Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде тартылган бул төртүнчү көркөм тасма. Буга чейин “Мен Тянь-Шань” тасмасын “Мосфильм” тартса, ушул эле тасманы 1977-жылы Түркиялык режиссерлор экрандаштырышкан. Ал тасмалар ушул күндөрү көрүүчүлөрдүн кызыгуусунан чыга элек.