Жаңылыктар
“Манас” эпосунун күнү белгиленди
Маданият
“Манас” эпосунун күнү белгиленди

Бүгүн “Манас” эпосунун күнү. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында майрам салтанаттуу белгиленип, ага өнөр адамдары, маданий ишмерлер жана расмий өкүлдөр катышты. “Манас” эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине 2013-жылдын 4-декабрында кирген. Ар жыл сайын 4-декабрда улуу эпосту даңазалоо салтка айланууда. Жер-жерлерден келген манасчылар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Дүйнө жүзүндө элдик ооз эки чыгармалардын эң көлөмдүүсү катары таанылган даңазалуу эпостун атагы алыска кетип, улуттун сыймыгына айланды. Бирок “Манас” тууралуу көптөгөн изилдөө иштери жүргүзүлүп, илимий эмгектер жазылганы менен, сырдуу феномен бойдон калууда.

Кылымдарды карытып, муундан муунга өтүп келген мурас ар бир кыргыз атуулунун энчиси. Өлкөнүн ири маданий иш-чараларында, маараке, салтанаттарда манас айтуу өнөрү аркылуу улуттун өзгөчөлүгү көрсөтүлүп турат. Эпостун тарбиялык баалуулугу эске алынып, баатырдын баскан жолу мектептерде окутулуп жатышы бекеринен эмес.

Эгемен өлкөнүн максаттары үчүн “Манастын” осуяттарына көңүл буруу маанилүү. Кылымдар карып, убакыт өтсө да даңазалуу дастандын баалуулугу сакталып кала берет. Салтанаттуу иш-чарада мамлекет башчысынын куттуктоосу окулду.

2013-жылдын 4-декабрында кыргыз маданияты үчүн олуттуу орду бар окуя орун алган. Дал ушул күнү ЮНЕСКО “Манас” эпосун материалдык эмес маданий мурастардын шедеври катары тааныган. Манас таануучулар улуттун сыймыгын 4-декабрда гана даңазалап чектелбей, аны ар бир жаран күн сайын көкөлөтө турган деңгээлге жетишүү керек экенин кайталап келишет.