Жаңылыктар
Бишкекте жол кырсыгынан улам бир киши каза болду
Кырсык
Бишкекте жол кырсыгынан улам бир киши каза болду

Бишкекте жол кырсыгынан улам бир киши каза болду. Окуя бүгүн таңкы саат 6.55те болгон. №17 троллейбус Юнусалиев көчөсүндө баратып, Субанбердиев менен кесилишкен жеринде жеңил унаа менен кагышкан. 

Жеңил унаа каршы тилкеге чыгып, айдоочусу мүрт кеткени айтылды. Троллейбустун айдоочусунун баш мээси чайкалып, ооруканага түштү. Жүргүнчүлөр жаракат алган эмес. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоонун башкы башкармалыгы кабарды тастыктады.